Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 13. 1-кат

Ж.Курман! Саламатпы? Ал-абал дуруспу? Эмне жаңылыктар бар? Фрунзе кандай? Менин каттарым тийдиби? Мен болсо Москвага жетпей Горький шаарына барып кайра келдим. Москва жакшы. Москвага немецтик авиация кол салды десе эле далай кыйроо болгон экен деп ойлобоңуздар. Москва мурдакы калыбы боюнча, жакшы корголуптур. Азыр 28 гвардиялык минаметтук полкто оперуполномоченный болуп иштеп жатам, саламаттык турмуш жакшы (айлык 1200 сом). Москва жөнүндө(колум бошосо) материал жиберем(газета үчүн). Адресим жок, бар бирок убактылуу. Жакында Москвадан жөнөп кетебиз. Шамурзинге, Ысмайылга салам. Сизге саламаттыкты тилей Шаршенбай. Москва, 26.04.42 г.