Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 22. 1-кат
Курмаш! Саламат жатасыңбы? Мен болсо бүгүн Калинин шаарына келдим. Токтолбой эле бара жатамын Барса келбес сапарга Бара жатат окшоймун? Алышкандын бир тобун Ала жатат окшоймун Ажалым болсо өлөрмүн Азабым болсо көрөрмүн Ай тоголуп күн күлсө Айланып кайра келемин. Сурагандарга салам айт. Мен барганча бактылуу тур Курмаш. 14.06.42. г. Темиркул