Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 24. 3-кат
Курман!
Кандай жакшы турасыңбы? Андагы ага-тууган, көргөн билгендер дегендей кандай турушат. Бул катты батыш багыттын бир калың токойунун арасында жер кепеде олтуруп, күз күнүнүн жаанынан жашынып дегендей төбөдөн чуулдап өтүп жаткан окторго көңүл бөлбөй, жай баракат стол үстүнө олтуруп алып жазгансып жазып олтурам. Азыр фронтто үйдө жүргөнсүп көнүп кеттим. Госпитальдан келе жатып Калугадан кат жаздым эле алгандырсың. Мен Ташкенттен кеткенден бери сенден кат албадым. Кат жазып турушуңду күтөм. Балким жазган каттарың келбей жаткандыр. Калың кагаз болуп конверт чоң көрүнсө центрдан жибербей коюушу мүмкүн. Илийдин чирчиктен жазган катын госпитальда алдым эле. Ийманкул кайда, Заит Караколдо эле турабы? Молдоказы бала-бакрасы менен жакшы турабы? “Ленинград в борьбе” деген кинодон Абдилйнди, Үсөнбаевди, Кондучалованы ж.б.көрдүм. энди фронттордо болуп жатканды газетадан окуп жаткандырсың. Кыскасы биздин турмуштан, шайыр турмуш жок. Кееде биздин “Катюша” ойноп кетет. Самолет картошкасын сееп кетет, миномет минасын бүркүп жиберет жаратылыштын оюн-шоогу болуп жаткандай болотта турат. Курбан кат жазып турушуңду күтөм. Азыркы олжо аманчылык. Менден тааныгандарга салам. Кош саламатта бол. Кат жазуучу Кусеин. 10.09.42.г.
По поручению общего собрания коллективов- Председатель МК Киргстатуправления - Шевченко. 18.09.1942
