Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 24. 1-кат

Кир. ССР г. Фрунзе. Дом печати.

Союз писателей Кыдырбаевой. К.

Курман!

Жаңы жылдык салам деп айтайын десем өзү эле жазылып турат. Анын үстүнө дагы жазып отуруу эч маанисиз. Бирок менин жасыгым эле кечигип жазып жатамын. Орустар “лучше поздно чем никогда” дейт эмеспи. Анысы кандай такыр жазбай койгончо кечигип болсо да кат жазып отурмун. Кечиктим деп да айта турган эмесмин, себеби жаңы жылдын болгонун да билбей калдым. Үстүңдөн самолкт, пулемет менен атканда жаңы жыл эмес , жаның да эске келбейт экен. Кече политотделге бара жатып төрт жолу карга жатканымды эле билемин. Жанымда партбюронун отсекретары бар эле, эки секретарь экөөбүздү өлтүрсө оңбогонубуз деп да айттык. Жан деген кыйын болот окшойт кичинекей чырпыкка жашынып жатып күлкүм келет, анткени өзүм өзүмө ишенбейм. Ичимде не ужели убьют меня деп ойлоном. Ал акмак пулемет менен жаадырганда ок мөндүргө окшоп кана жаайт. Эң аягында коркутканда да өзүбүздүн самолет жаман коркутту. Бүгүн биз турган кыштактын бир жак учун талкалады. Биз болсок өз ишибиз менен алекбиз. Менин көргөн күнүм ушул. Анын ичиндеги кызыгы күлкүлүүсү немецтердинпулемет менен атканы. Мурун мен үчүн кызык күлө турган нерселер кино, театр жакшы вечер ж.б болуучу эле. Эми күлө турган кызык нерсе ок менен ойноо болду. “Кимди ким көрсүн, быржыбайды там басты” дегендей эле болот экен. Бирөөлөргө ок тийет, бирөөлөр көрбөгөн кишидей өз иши менен алек. Ошонун бири менмин. Мага качан тийер экен деп да ойлойм. Азырынча эч нерсе тийе элек, качан тийер экен деп да ойлойм. Курман! Сизге жүрөктөн чыккан жана жаңы жылдык коммунисттик салам. Мындан мурун Гүлсүнгө да кат жазган элем. Ал алган чыгар. Дагы бир жолу салам айтып койорсуз. Кош саламат бол. Колуңду бек кысып. Адрес: дейтсвующая армия 805. Полевая почтовая станция 103 отд. Гвардейский минометной дивизион. Мне. деревня Анцинориха. 06.01.42.г.