Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 3. 2-кат

Кирг.ССР г. Фрунзе Дом печать Союз Советских писателей Киргизии Кыдырбаева Курман Курман! Сенин жазган катынды аман эсен колума алдым. Окуй кубанычта болдум себеби 1,5 жылдан бери сенден экинчи гана жолу кат алдым. Биринчи жолу 1941-жылы октябрь айында Ферганада экенде алганмын экинчи катың ушул. Жуттун чолок куйрук жылкысындай болуп анда-санда гана кабар бере турган болуптурсуң. Фронтко келгенден бери: үйдөн 4 жолу, Илийден бир жолу, Касымаалы Жантөшевден 2 жолу, Жоомарттан бир жолу, жана Фрунзедеги тааныш орус мугалимдерден бир жолу, Оштогу тааныштардан 2 жолу кат алдым. Акырында сенин катын келди. Кусейиндин энесинен да бир жолу кат келди. Менин турмушум болсо абдан жакшы. Азыр Москванын тегерегинде тылда дем алуудабыз. Деним сак, саламаттыгым жакшы. Сенин катың келген күнү азыраак чырмыктай түшүп ооруканага келип жаттым. Азыр абдан жакшы сакайдым. Бул катты ооруканада туруп жаздым эми эки күндө кайра бөлүктө болом. Сага көп эле жолу кат жаздым тийдиби же жокпу билбейм. Заитке каттарды бир топ эле жаздым жооп ала албадым балким адресин которуп кеткенби. Кусейиндин адресин билесинби? Билсең жибер мындан ары үзбөй кат жазып тур. Эми менин ыр сөрөйлөрүмдөн данек чыкчудайбы же жокпу? Ал жөнүндө эмне кабар кылбайсың, же айлада жок жаман бекен? Менин ойумча дурус эле деп билем. Албетте өзүмдү өзүм мактабайм, андай болсо да биздин көп мыкчыгерлерибиздин жазгандары, менин жибергендеримден ашып кете элек. Аны Жоомарт өзү таразалап жаткандыр. Жоомарт эмнеге кат жазбайт. Ээн убакыт таба койуп дагы бир неме жазып жатам “Жоо бетинде жүргөндө” деген поэма, “Эл үчүн, жер үчүн” деген аңгеме (Партизандык бригаданын командири менен аңгемелешип, материалды андан алдым жана жарымын өзүмда көрдүм). Буларды учуна чыгаруу үчүн бир гана кыйынчылык кагаз жок. Редакциянын атынан болсо да кагаз жибергиле. Эмки катыңда менин чыгармаларым жөнүндө толук информацияла жана “КК” га Кыргыз артиллеристеринен кат жаздык эле аны газетага бастыбы же жокпу? Баспаса эмне себеп, факт аз экен деп койдуңарбы? Жеңиш менен тирүү кайтсам өмүр боюу түгөнбөс творчестволук материал жыйналды. Жоомартка, Аалыга жана Фашкаларга менден инилик ысык салам айтып кой. Башка жазар эч кат жок. Кош көрүшкөнчө саламат болгула Абдулхай. Сенин катыңды 04.03.43ж алдым. Полевая почта 255 часть 521. Алдашев.А. 04.03.43 ж.