Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 18. 1-кат

Кир. ССР г. Фрунзе Дом печати Союз Советских писателей Кыдырбаевой К.

Курман! Саламатсызбы? Салам айтканыңызга рахмат! Айтпасаңызда Ташкентлик болуп калдык. Сизди кат жазбайт деп мен ушул жолу катуу жаздым эле. Кечирип койуңуз. Сизден кат келип калганда уялып калдым. Эчтеке эмес. Кээде кол тиет. Кээде кол тийбейт. Ал турмушта болот. Турмушта өйдө-ылдый болбой койбойт. Журналды жиберем деген экенсиң. Рахмат күтөм. Келсе сизге миң-миллион ирет алкыш айтат эмес миңби! Кыргыздын сыймыктуу кызына алкыш айтбаганда кимге айтабыз. Мен аңгеме жиберем. Ал үчүн 2-3 күн отурам го. Мурда переводчик жок жалгыз өзүм болуп кол тийбей келген, эми бир переводчик келди. Көп бош болгондо жазып берип жиберем. Андан көрө журналга чыгаргыла. Биринчи эмгек чыкпай калса, анда көңүл жайында болбойтко. Ашубаев Жекшендин курман болгондугуна кайгырам. Жусуптан очерк аңгеме келип турабы? Жоомарт аксакал ошол жерде эле иштеби? Эмне газетадан аты көрүнбөйт. Мукай, Алыкул, Кубанычбек, Саманчин, Жантөшев барбы? Силердеги суук бизде да бар, күн улам жаайт. Же быйыл жалан жаап өтөйүн дегенби? Курман бул жерде кыргыз жок. Андан көрө бизди эриктирбей улам-улам кат жазып туруңуз. Ысмайлов деген киши зам болгону менен эчтеме иштебейт. Бекер эле жүрөт. Зыңкыйгандан башканы билбейт. Бир болбогон неме экен. Эптеп иштеп жатабыз, көп ырктуу эмес. Кыргыз болгон жерди сүйбөгөн неме экен. Обшем мелочник. Анын кызыгы көп барганда айтып берем. Лейтенант деген наам алдым. Кийим берди. Бирок чин тага элекбиз жакында тагынабыз го. Барып калсак амандашып Фрунзенин таттуу пивосунан ичербиз ээ. Кош Курман! Саламат болуңуз! Алыкем (Балка) аманбы? Кат узарып кетти кечириңиз. Жумакан. 16.04.43.