Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 15. 15-кат
Кир. ССР г. Фрунзе Дом печати Союз Советских писателей Кыдырбаевой К.
Курман эже! 05.05.43. г. Кандай аман эсен, курсак ток, дениң сак жакшы турасыңбы? Мен көптөн бери кат жазбай калдым дагыле жазбайм. Ушул кат акыркы турган жеримен жазганым. Эми кат жазсам бөлөк жерден жазам. Эже менин турмушум азыр жакшы. Курсак ток. Бияктын турмушуна абдан көндүм. 2.05.да Газизага сүрөт жибердим. Наряд убактысында минуткага түштүм эле. Погон берген. Эже турмушуң кандай? Газиза кандай туруп, кандай окуп жүрөт. Үйгө кат жазып турасыңарбы? Атам үдөбү? Баарын жазарсың эже маа акча керек болуп калды. Үйгө жазайын десем үйдүн абалын өзүн билесиң. Мүмкүнчүлүгүңүзболсо жибер жибере турган болсоң. Фатима татем да берер, жаңы адреске срочно жиберерсиңер. Эмне үчүн десеңер канча туруп канча өлүшүбүздү ким билет. Эже калгандары баякыдай эле. Бөлөк сөз жок. Кош кош аманчылыгыңды тилеп иниң Бекеш.