Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 3. 3-кат
Жоке! Мен мындан бир нече күн мурда сизге жаңы орунга келдим деп кат жазган элем, азыр ал орундан да башка жакка келдим. Согушуп жатабыз. Кызматым баягы өзүңүз билесиз го. Адресим өзгөргөнгө тезиреек кабар кылууга шаштым. Турмуш жакшы, эригеерге чоло жок күркүрөгөн-шаркыраган замбиректердин күүлөрү зоок болуп турат. Өзүңөрдүн турмушуңар кандай, Фрунзедеги мен тааныгандардан ким бар ким жок. Абалыңар кандай? Журналыңар жаңы чыгармалар менен байып жаткандыр. Сизде кандай жетишкендиктер бар. Курман сиз менен бирге иштеп жатабы? Дени сак жакшы жүрөбү Курманжан? Заит кайда Бекештен кат келип жатабы? Айылда ага туугандар кандай оокат кылып жатышат. Иманкулдан, Кусейинден кат келип жатабы? Ал абалды толуктап кат жазгыла. Мен бул катты шашылыш убакта жаздым болбосо экөөңөргө эки бөлөк кат жазмакмын. Кош саламатта болгула. Баардыгыбыздагы максат “Батышы көздөй алга жөнө”! мына ошол максатты аткарууга карч уруп жатабыз. Туугандык саламын менен Абдулхай 22.07.43 г. Полевая почта 49954- “Л” Алдашев. А.