Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 18. 2-кат

Кир. ССР г. Фрунзе Дом печати Союз Советских писателей Кыдырбаевой К.

Ардактуу Курман! Кадырлуу Курман, алыста турган Жумакан жолдошуңдан ысык саламды кабыл алыңыз. Ден-соолугуңуз жакшыбы? Мүмкүн болсо менден Аалы агайга, Жоомартка, Кубанычбекке, Тазабекке, Түгөлбайга, Гүлсүнгө салам айтыңыз. Мен болсом баягы кеткенден кетип отуруп Арысь-ата шаарына келип бир тийдим. Азыр жөнөкөй жумушчумун. Тагдыр ошондой болот тура. Кор болуп эзилип жүрөм. Тамаша күлкү аз. Тамаша кыларда киши жок. Силердей жолдош да жок. Өзүм менен өзүм сүйлөшөм. Мукамбет мени бошотуп алат дегенине көп болду али эчтеме чыга элек эң акыры бүгүн Суеркуловго кат жаздым. Бирдеме чыгар дейм. Бул жерде жумушчу болгончо Кыргызстанда иштесем пайдалуу болот эле го. Муну ойлогон киши аз. Ар ким өзү менен алек. Ким билет ушунэнтип жүрүп же ары барып чүйдө өлбөй же бери келип үйдө өлбөй жок болобузбу? Деги согуш бүтсө экен! Жеңиш болсо экен. Куке! Мен жалгызмын мүмкүн болсо. Айып көрбөсөңүз журналдын жаңы санынан 2-3тү жиберсеңиз. Мен сизди убара кылдым. Кечирип койуңуз. Кош Куке! Кат жазыңыз. Жалгыз турган Жумакан . 08.11.43.