Ф.1278. Оп.1. Д.2. Л. 36. 36об.
Аалыке! Автомат, мылтык байланып, Ашхабат тоосун айланып Айыгашкан фашистин Азабын колго берүүгө Аттанып кеттик илгерки Алмамбет сындуу шаңданып деп ноябрь айында ыр баштап калдым эле. Жаңыдан жөнөткөндө фронко барат экенбиз деп сүйүнгөн элек. Жок андай болбоду. Бура тартып Иранга токтодук. Ошондон бери ушундабыз. Турмуш жакшы, ден-соолук алынча. Жүзү кара фашистердин сазайын колуна берип , биротале талкалоо үчүн күн-түн дебей согуш илимин үйрөнүп жатабыз. Согуш илимин үйрөнүүдөн отличникмин. Кандай гана атпайын жазы маңдайы менен төшүнөн башка жерге тийбейт. Көзгө атаар мерген болдум. “Ак буудайдын барар жери тегирмен” дегендей фронтко эртелеп эле кирсек экен деп ыкыс берип турабыз. Бирок сапар көтөрүлбөй жатат. Фрунзеден Чаржоуга келип, лейтенанттык училищадан эки ай окудук, андан Кызыл-Абадка жөнөттү, андан бул жерге келдик. Сөздү кыскартып айтканда азыркы аткарган кызматым катардагы кызыл аскердик. Ташым лейтенант болуп чыгып Бухарада иштеп жатат. Жакында Кусейинден кат алып, филиал академия наук ачылганы жатат деген кабар угуп , энем эркек туугандай сүйүндүм. Кыргыз эли үчүн тарыхта эч болуп көрбөгөн өтө чоң жеңиш. Азыркы бир тууган улуу орус элибиздин маданияты деле а деп телчигенде, толуп жаткан академиктери болгон эмес. Күн батыштан окуп келген жалгыз Ломоносов университет уюштуруп, бардык предметтен 12 гана студентти өзү окутуу менен башталган. Чымырканып иштеп жакшылап уюштуруш керек. Эсендик болсо, душманды жеңип кайткандан кийин филиалга биз да барып каларбыз. Биздин кандидаттык минимубуздун эң чоңу-немец фашисттерин толук түрдө талкалап кайтуу. Аалыке, менин сюжетим эмне болуп жатат. Чоң казат бөлүмүн журналга бастырдыңызбы? Орусчага которулуп бүттүбү? Карыган кезде калжаңдап, Манастан бир опера жазып, театрга жана комитет искусствого таштап келдим эле. Окуп көрдүңүз бекен жаман Алдаш атын мактайт, алдаяр катынын мактайт дегендей жаман опера эмес эле. Андан да үч ирет кат жазсам да эч жооп жок. 6-класстарга жазган адабият китебим басмадан басылып чыктыбы, жокпу. Сатар да жооп бербейт. Бул жөнүндө үстүңүстөрдөн ак сакалга арыздандым. Таарынбассыздар! Кат аларыңыз менен кат жазууңузду күтүп, ысык саламым менен З.Б. 14.03.43.г. Адрес: 2176-я полевая почта Часть 212 мне.