Ф.1278. Оп.1. Д.2. Л.63. 63об.
Галочка! Сенин 4.02деги жазган катыңды алып окудум, мен болмом азырынча аман эсен немистер менен согушуп жатамын. “ Кан көнөрдө, баш канжыгада” менин мурунку катымды алгандырсың. Ошаркул Егембердиев өлдү (өлгөнү анык болуп турат). Бирок кана өлүгү табылбай жатат. Башка дагы кыргыздын славный азаматтары бар ак жана родина үчүн жакшы иштеп кеткендер. Галя! Сенин карточкаңды кайра жибердим. Сени көрсүн жана кокустан мен болбой калсам отечественная войнадан эстелик болсун деп. Шондой. Сенин карточкаң кандай болгонун билбей жоготуп жибергемин жакында өлгөн адамдардын документтерин текшерип отурсам карточкаң (кан болуп) бир өлгөн ордендү кыргыз-Алдыкеев дегендин документинин арасынан чыкты, ал адам Ташкөмүр районунан эле. Вообщем ты уже была на войне на битьве и это карточка является интересной по этому и высылаю. Биздин аскерлердин наступлениясынын натыйжасы жаман эмес. Башка айтар сөз деле жок. Кош аман тур. Жду ответа Целую крепко твой подпись От меня знакомым привет. 3.03.43.г. Айдар.