Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 15. 20-кат

Кир. ССР г. Фрунзе Дом печати Союз Советских писателей Кыдырбаевой К.

КУРМАШ! Кандай аман эсен, дениң соо көңүлүң ачык өз кызматыңда иштеп жүрөсүңбү. Кече кечинде сенин 26.03.45 ж. жазган катыңды алып, бүгүн жообун жазып жатам. Менин көптөн бери күтүп жаткан катым жок. Уруш басылгандан бери поздравительный кат ала элекмин. Эми менин кайсы фронтто экендигимди сурайсыңар. Ал кез бүттү. Немецтин жеринде, чочко тумшукту талкалап буттүк. Бош убакыттарда киного, танцыга, сьадионго барып көңүл ачабыз. Кадимки мурункудай эле турмуш. Эми мен үчүн капа болбогула. Азыр мен фотографировать этип жүрөм. Кат салган сайын жиберип турам. Өзүмүн ишими. Абзыйымды Фатима алып келгендир эгиче.Анийиме, Маратка, Эркинге, жездеме, Илийге, Газизага жана башка туугандарга менден салам айт. Эмне үчүң Илийди жаза баштап чийип салдың, анда бир нерсе бар го. Үйдөн кат алып турам. Бат бат кат жазып тур. Саламатчылыгыңды тилеп иниң Галий. 30.05.45.г.