Фонд №1278, опись №1, дело №2а, лист 42

Арон Айтыкеевдин каты А.Токомбаевге “Советтеги кыргыз жоокерлеринен эл ичиндеги азаматтарга эсенчилик”

9.11.45г.

Ардактуу Аалыке! Ар кандай бир бош убактым болсо Сиздер жакка кат жазуудан чарчабаймын. Өз жолдошторум канча бир убакытта кат жазышса а мен күн санап катарлантып кагаз жиберүүгө эрксизден мажубур болом. Же менин аздыгымбы, же жаштыгымбы, же өз туулганжеримди сагындымбы, же башка эл арасында жашоого менин диним кошулбайбы? Өзүм чече биленалбаймын. Сиздер жакка 4.5. жолу кат жазып кыскача эсенчилигимди руксаатсыз билгиздим. Мен болсом мен сак, өзүңүз көргөндөй азырынча Румменианын Литова шаарында (окулбайт) аткарып турмуш ал акбал жакшы. Твариштер арасында турамын. Азырынча силер жактан эч кандай кат жок Аалыке!

Менден: Чет мамлекетте жашаган жаш жүрөгүмдөн кыргыз жерине эсенчиликти элестетерсиз жана Зейнепке Ыраактык армиялык Приветимди айтарсыз. Жолдошко мусулманчылык саламымды Тараска бир тууганчылык, Тамарага

таякелик, атын эсимден чыгарган жигиттин бетинен өөп, кичитаякесинин эсенчилигин билгизээрсиз. Эми менден мындан башка эми сөз болсун ойлогондун баарын катка жазса ал кат эмес китеп же бир (окулбайт) болуп кетер. Биз жактан, Советтеги кыргыз жоокерлеринен эл ичиндеги азаматтарга эсенчилик салем айтарсыз?

Эсенчилик болсо жүз көрүшүп калаарбыз. Бул жерде сиздердин чыгармаларыңардан кур эмесмин. Кыргыз китеби болбосо да казах, узбек, башкаларынын чыгармаларын окуйм. Эч качан эрикпейм. Газеттен Кыргызстандын эмне жаңылык, өсүштөрүн окуп турам. Техникумдар ачылып жатканын, Мамлекетке 9.6 %дан тапшырганын, жаңы курулуштарын ж.б. бөтөнчө Манас китебинин 1-томунун чыга турганын билдим. Мына менин кыска катым, башка сөз жок. Тагдырды чечүүчү катты сиздер жактан күтүп турган кез. Катасы болсо кечирерсиз? Жаш эмесписпи, катасын оңдоп – кечирерсиздер?

Адреси Полевая почта, 51850 “Щ”

Уйкалышпаган жерин уйкалыштырып билерсиз? 3-4 жылдан бери културлу эл менен сөзгө чоркок болуп калдык.

Майрамыбызды өз заңы менен майрамдай өткөздүк. Мына ушун этип өкмөт менен партиянын берген тапшырмаларын аткарып турабыз. Кошуңуздар. Саламатчылыкта болушуңуздарды тилей кат жазган Арон.

Колу.

Киргизская ССР. Город Фрунзе. Ул. Советская. Дом № 29 кв. 12. Токомбаев Аалы.

Полевая почта 51850 “Щ”.  Айтыкеев Арон

Бул жерде дүкөн баасы бир кг нан 1200 лей. 1 сом/руб. 36 сомдон эсептелет. Сары май 100 гр – 1020 лей.

Жарым литир водка 5000 лей. Кийим жагы кымбатчылыкта.

Яндекс.Метрика