Фонд №1278, опись №1, дело №2а, лист 46

Ардактуу агам Аалыга! (Балка)

Бул катты Фрунзе шаарында Жазуучулар союзунда кызмат кылуучу, (окулбайт) Адабият кызматчысы, агай Аалы сизге арнаймын. Алма-Ата шаарында Ш.Д.О.А.нын катарындагы биринчи иниңиз Иманалы Эсеналиевден кызыл армиялык жалындуу салам!

Кандай агай, аман-эсен, соо-саламатта, ойноп-күлүп, өзүңүзгө тийиштүү болгон кызматыңызды өз убагында аткарып жаткан чыгарсыз. Мүмкүн сиз мени тааныбайсыз. Мен сизди тааныймын. Фрунде педтехникумда 1-курсунда окуганда сиздин иштеген жериңизге барып, сиздин чыгарган журналдарыңызды окуп тааныш болдум.

Жана сиздин бир канча чыгарган китептериңизди окуганмын 19?0-жылга чейин.

1940-жылы (окулбайт) атында армия катарына чакырылып, армияга келдим. 1940-жылдан бери ушул убакытка чейин кыргыздын кооз адабиятын окууга эки көзүм төрт.  Мага табылбайт. Көбүнчө мени кызыктырат – окууга журнал: “Ала-Тоо”, “Советтик адабият, искусство” жана башка сиздин чыгарган 2- “Кандуу жылдар китебиңиз”!

Ардактуу агай! Жогорку эки журналга кандай кылып жазылууга болот?

Эгер мүмкүн болсо мени жазып коюңуз. Мен сизге акча салып жиберейин, агай.

Эгер жазууга болбосо, 1943-жылы чыккан журналдардан бир канчасын салып жиберүүңүздү суранамын.

Мен Алма-Атада ички воискада кызмат кыламын, турмуш жакшы. Сиздин мага кыргыздын кооз адабияттарынан окуп турууга жардам кылууңузду суранамын.

Мен өзүм Фрунзе областы, Киров районунанмын. Токтогул атындагы орто мектеп окугам.

1939-жылы Фрунзеде педтехникумда окудум.

Ардактуу агай! Кат жазып турууңузду суранамын.

Яндекс.Метрика