Фонд №1278, опись №1, дело №2а, лист 100

Учурашуучу кат

Алыскы Фрунзенин атыр жыттуу таза абасында жашап туруучу жогорку даражада жана жамы кыргыз элинин көркүн, көңүлүн ачып туруучу агайындарыбыз Алы Токомбаевке жана Калык Акиевке, Осмонкул, Жоомарт Бөкөмбаев, Темиркул Үмөталиевге, Алымкул ж.б. агайындарга Кызыл армия катарында окуп билим алып жүргөн иниңиздер сиздерге өзүнүн ичинен кайнап чыккан ысык саламдарын тилсиз ак кагаз аркылуу сиздерге сунуп олтурабыз. Агайындар албетте сиздерге кыскача суроо катарында бир барак ак кагазга кат жазып олтурабыз. 1-чи армияда эрмек кылууга комуз жок жана ага кылы жок. 2-чи окуп көңүл ачуу үчүн түрлүү аңгеме китептер жок. Мына, айрыкча эки чоң суроо ушул биз жаш таланттуу балдар сиздерден бир жакшы комуз анын запас кылдары менен