Фонд №1278, опись №1, дело №2а, лист б/н

Ардактуу агама, жеңеме, кудагыйга, иним Тараска, Уланга карындашым Тамарага мында оресте жумушчу дыйкан, Кызыл армиянын катарында туруучу Букуйдан сагынычтуу салам кат. Кандай, аман-эсен турасыңарбы? Байке, ооруң жакшы болуп кеттиби? Байке мында мен аман-эсен жеттим Сиз көргөн документ менен бардым бирок, кемчилдик кылган жатат. Удастиверение жок техникумду бүткөнүм тууралуу. Кыскасын айтканда, Нарком совхоздон 40-жылы Селхоз техникумунун Зоотехнический 1 жылдык курсун бүткөн деген удостиверение болсо ошондо бошотууган аракет кылып көрөбүз дейт. Билбеймин эмне болорун. Мен чатак кылып атамын урушта жоготком деп.

Сиз айткан мугалимдик документ келери менен башка часка которуламын. Себеби, булар үчүн өлүп кет бошотбойт. Эч адамды менин документим аздык кылбайт эле булар үчүн сиз документ салсаң мугалим болуп иштеген и мугалимдик курсту жылы бүткөн деген эки гана документ керек байке 41 жылы бүтүргөн десе да болот жиберип калсаңыз менин гана наамыман жибергиле. Байке телеграмма берген себебим толук ответ жок документтен ушул мен үчүн эч нерсе эмес эле  жүрө берет элем. Абышкага өтө убал болмок болду. Жинди болмок болуптур мен кеткенде 1 айда келем деп алдап кеттим эле. Эмне болсо да төөдөй боздоп жүргөндүр. Орусча айтканда “не везёт” иш. Эчтеке эмес байке. Абдукадырову деп иниң

(Колу)