Фонд №1278, опись №1, дело №2а, лист 33

Кымбаттуу ага Алы жана жеңем Зайнаш жана бөбөктөрүм, кудагый, барыңыздарга мындагы Капар тууганыңардан амандык кат.

Кандай, аман-эсен жакшы алда турасыздарбы. Көрүп-билген ага-туугандар тегиз аман-эсен турушабы. Мен аман-эсен кудаа деп өлкө коргоодогу милдетимди аткарып турамын. Турмуш ал алынча. Мен сиздерге 3 жылдан бери кат жазуудан талыкбадым, бирок, Сиздерден кат албайм. Мындан ары колуңар тийсе кат жазгыла, ошону менен бирге газета, майда китепчелериңерден жибергиле кыргыз тилинде. Айылдан кат алып турам бирок, толук эмес ал авал туралуу

Жеп ичкендин жолу ачылгандыгын айтышат. Эми кош, аман тургула. Көрүштүрүүнү табият буйуруп, аман-эсенчилигиңерди тилеп Капар Султанбеков.

Колу 23/IV/45