Ф.1278. Оп.1. Д.5. Л.13.

Курман эже, кандай аман эсен жакшы турасызбы? Турмуш жайың жакшыбы? Фатима таежелерим жакшы турушабы? Курман эже, баарыңарды жаңы 44 жыл менен куттуктаймын. Жаңы жылды жакшы тосуп алдыңбы? Эми мен болсом дени-кардым соо жакшы турам мурунку жерде, эч өзгөрүлүшсүз жатам. Жаңы жылды эң жакшы өткөрдүм. Эже, ата-энеме салам жазып турасыңбы? Сен алардын көңүлүн көтөрбөсөң, ким көтөрөт. Баарыңа открытка жибердим алышар. Мындан мурунку каттарды алгандырсыңар. Кат жазып тургула. Өмүрүңдү жакшы турууңду тилеп-иниң Галый Замбович

02.01.1944ж.