Ф.1278. Оп.1. Д.5. Л.21.22.


Курман, сиздин 26-х-43г. катыңызды 19-х1-43г. алдым. Сизден кат алуу мени чоң бакытка жолуктургандай кылды. Анткени, үч жылдан бери үмүт кылып чарчап эми түңүлдүм дегенде келип жеткен кат болду. Деги койчу, сиздин катты, кыргызчасынан, жакшылыкка жорудум. Курман, көргөн кээ бир эпизоддор, чын эле түңүлдүргөн болчу. Эске алып кат жазганыңызга чоң рахмат. Кыскача болсо да, берген обзоруңузга толук канаттандым. Көз алдыма закым сыяктуу элестеттим... Жалгыз. Терең ойго чөмүлүп, күлүк саана менен бир нече мертебе кыдырып да кеттим.

Мен ден-соолукта жакшымын. Үч жолу жарадар болуу мени калечить эткен жок, мен азыр алдуу күчтүү күрөшчүлөр катарында родинанын приказын аткарып жатамын. Жетишкендиктерим бар: “За отвагу” жана “За оборону Ленинграда” медальдары менен сыйландым. Согуш адистигим минамётчик. Кыскача ушул. Чечүүчү майданга даярбыз. Тирүү болсом, эсендигимди угузуп турармын. Сиз дагы кат жазып туруңуз. Жолдошторго абалымды айтып, менден салам берип койуңуз. Жиберген журналыңыз азырынча жете элек. Курман, мен акын болуп кеткеним жок, эриккенде ыр жазамын. Биз болсок фронтовикпиз. Көндүк. Снаряд, миналардын, бомбалардын жарылып жатыштары эч жолто кылбайт. Жаңы ойгонгон киши сыяктуу, топураак, чаңдан тура калабыз. Өзүбүздүн тирүү экенибизди, жарадар болбогонубузду текшерип, ары карай, алга басып кетебиз.

Мен жазуучулар, союзуна “Гүлбек” деген кошок жибердим эле жана “К.К” Редакциясына “Фронтто”, “Катыңды алдым” деген ырлар жибердим эле эч кабар жок. “Гүлбекти” Аалы агайдын адресине жибердим.

Эсенходжаев Кусеин

19-XI-43