Основание: ЦГА ОПД КР Ф.42. Оп.1. Д.666. Л.27-27об.

Биз Барнаул шаарында госпиталда жаткан кыргыз балдары Кызыл Армиянын ыссык саламыбызды жиберебиз.

Ушул шаардын бир госпиталында 12 адам барбыз. Алдыбыздын жараланганыбызга 5-6 ай болду. Ошондон бери бир жерде экинчи жерге кетип жүрүп, жакында ушул жерге келип токтоп калдык. Азыр бул жерден бүт тазаланганча эч жакка барбайбыз. Келген шаарлардын жана ушул жердин библиотекаларында караштырып эч кандай кыргыз тилиндеги китептерден таппадык. Ɵзүңүздɵргɵ бергилүү ушундай жерде жаткандан, ар бир улут ɵзүнүн улуттук ɵткɵн адабият иштерин мактайт эмеспи. Ошон этип, госпиталдын алдындагы бакка чыккан убактыбызда ɵзүбүздүн адабияттарыбызды макташа кетебиз ошону менен ɵткɵн баатырларды мактайбыз. Азыркы Ата Мекендик согушта ɵзүбүздүн иштерибизди айтышабыз. Иш жүзүндɵ кɵрсɵтүшүп кезек бардыгыбыздын колубузда Эч бир ɵз улутубуздун адабияттарынан жок. Жалаң гана мактануу үчүн эмес, эриккен кɵңүлүбүздү ачуу үчүн да кызык адабият керек болду. Ошон үчүн сиздер аркылуу «Кедейкан, Саринжи Бɵкɵй, Жаныш Байыш, Курманбек, Тɵштүк, Эр Табылды, Кожожаш, Эки жаш, Каныбек, Манас» жана ушул сыяктуу китептерге жетишүүнү чечтик. Ушул ойду тапканыбызга энебиз эркек тɵрɵгɵндɵй сүйүнүп, сиздерге кат жазууга шаштык. Ошон үчүн Сиздерден күтɵɵрүбүз жогорку китептердин баардыгы болбосо да кээ бирɵɵлɵрүн жиберүүңүздɵрдү чыдамсыздык менен күтɵбүз. Биздин тилекти орундооңуздарды сурайбыз.

Комсомолдук ыссык саламыбыз менен.

Жазуучулар: Умаров, Абдырахманов, Доноев, Изабеков, Султанов, Сулайманов, ж.б. 15.VII.1944-ж.

Адресибиз

Алтайский край

г. Барнаул

ЭГ. 1511 2 отделение

14-палата

Изабекову Молдобаю