Основание: ЦГА ОПД КР Ф.56. Оп.1. Д.217. Лл.111-111об.

г.Фрунзе

Верховный Совет Кирг.ССР

т. Токбаеву

Моке! Саламатсызбы? Мен аман-эсен жүрүп жатам! Биздин участкада дагы жеңиш болуп жатат, жатат. Чоң суунун бир жак ɵйүзүн жоодон бүт арылтты! Жер ылай, жамгыр жаайт - же жаз, же кыш экенин билүү кыйын?

Молдогазы! Ойлоп-ойлоп сага бир нерсе тураалуу жазгым келди. Бул мындай бизде бир Хамраев Таңатар деген жигит бар, ɵзү Ɵзүбекистандын Айым районунан - кыргызмын дейт, бирок документтеринде улуту өзбек болуп жүрɵт. Бул эмне үчүн мындай деп сурасам «бизге баягы жылы паспорт бергенде, Ɵзбекстанда жашагандан кийин ɵзбек болосунар” деп эле ушинтип жазып койгон, ошондон бери ал жердеги кыргыздар баарыбыз тең ɵзбек болуп калдык дейт. Мен буга окшогон кыргыздарды фронттон кɵп кɵрдүм Кочкор Турдиев дагы кыргыз деп угабыз. Бул ɵзү кызыкко? Туурабы же жокпу?

Салам менен Уметалиев Темиркул.

11/II-44 ж.

Адрес отправителя

Полевая почта 09276-и

Уметалиев Т.