Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 1. 1-кат

К. Абдылдабековтон г. Фрунзе Дом печать редакция “К.Кыргызстан” Кыдырбаева Курманга 1. Курман! Күрүчбектен Аман эсен жатасыңбы жана өзүң тааныгандардын баары аман жүрүшөбү? Биз 21-ноябрда ал жерден чыгып кеттик, 23-ноябрда Ташкентке келдик Кырчыктагы бир часттабыз жөнөтөбүз деп жатат, ким билет качан жөнөтөрүн. Айтмакчы Абузарга Ташкенттин станциясынан жолуккам (эшалон менен жөнөшүп жаткан экен). Аялына кат жазып адресин билүүдөн көңүлүм келбейт, себеби аялын көп тааныбаймын. Албетте адресин билсең жазып койсоң эң дурус болоор эле ошол сыяктуу Майгара менен да кат алышпаганыма 1,5 айча болуп калды. Себеби: 20-октябрдан кийин биз күндө эле көчө берүүчү болгонбуз, алар Алма-Атадан 15-ноябрга чейин бир жакка жылмакчы эле ошентип адашып калдык. Эгер билсен, анан адресин жазсаң рахматтан башка да алкышты кошо айтарымды өзүң да түшүнөсүн. Уултайга кат жазсам бирок кат жок (келе турган убакыт да боло элек). Ал эми бизди жөтөбүз деп эле жатышат бирок качан жиберишет жана жиберсе да бизди (кыргыз, өзүбек ж.б.) жибереби же бөлүп калып дагы бир частка жибереби анысын билбейбиз. Кыргыздан бригада боюнча 3-4 киши бар (сен тааныгандардан Жоомарттыкына келип жүрчү Оштук Газиев деген бар) бирок 4-5 күндө бир жолугабыз. Газета рота боюнча бир экземпляр берет “Правда Востока” бөлөк китеп, журнал окубайбыз, окууга убакыт да жок. Кинону эң кийинки жолу 22-октябрда көргөнбүз андан бери көрө элекбиз. Бөлөк сөз деле жок. Кат жазсаң мүмкүн тиет, мүмкүн тийбейт себеби: цыгандарча көчүп жүрөт эмесбизби, ошондой болсо да азыраак жазып койсоң дурус болор эле. Конверт жок ачык жаздым. Кош кат жазуучу Күрүчбек 30-ноябрь 41-жыл адрес г.Ташкент 5 п/ящик 36 Литер “В” А.Күрүчбек.

До свидания (подпись) 18/ХI/1941 Яшинин И.Н.