Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 1. 2-кат
Курман!
Күрүчбектен Аман эсен жатасыңбы? Албетте, сенин жана ал жерде иштеп жүргөн замандаштардын амандыкта болушуна өтө тилектешмин. Күнүмдүк кайгы капа эч нерсе эмес турбайбы, эгер арт жагы друс болоруна көз жетсе. Ал эми биз болсок аман болоорубузга көз жетпегендиктен жалаң гана амандыкты тилеп калдык, ошондуктан силердин амандыгыңарга тилектеш экендигимди жаздым. Ал эми кыскача баштан өткөндү жазайын эсимде толук жок , сага ноябрдын 24дө бекен Ташкенттен кат жаздым эле мүмкүн тийген чыгар? Фрунзеден 20-ноябрда чыгып сага жолуккан күнү Ташкентке келгенбиз 23-ноябрдан 3-декабрга чейин лагерде болдук, 3-декабрда фронтко кеттик, 9-декабрда Москвада болдук, 16-декабрда фронтто болдук 20-декабрда колума ок тийди (этин көзөп кеткен). Кыргызстандан Рысбаев кошо кирген эмне болгонун билбейм, ошондон тартып 19-февралга чейин тылда болдум. Ал күнү да фронтко жөнөттү 23-февралда 42-жылы эки жолу жараландым (колума минанын осколкасы, чачырандысы) тийип ичинде калды. Андан 8-мартта Иванов областтынын Савинка шаарындагы госпиталына түшүрдү. Ал жерде 2 айча жаттым операция кылып чачырандыны алды. 1-майда ал жерден кайра Москвага алып келди. Түштүк жагында бир кыштакта 20 күң турдум. Ал жерден беш кыргызды учураттым анын бири Фрунзеден 17-мартта чыккан экен филармонияда иштеген Курамаев деген бала. 21-майда дагы фронттко жөнөттү передовой линияга 2-июнда кеткенбиз ошондон тартып оборондо жатабыз. Биздин тарап 19-22-июнда ответ катарында эки жолу кол салып көрдү (бизден башка бир батальонду жумшаган, өтө чыгым көп болсо керек, андан кийин тим болдук, болжолу 20% чейин аман калса керек). Алар машина менен урушат биздики киши менен урушат. Коркунуч ар бир саат, ар бир минута сайын болуп турат. Мина, замбиректердин поторону жарылып жатат, самолеттор учуп турат. Айтор көз менен көрбөсөңөр да айткандардан (чолок-мунжу болуп кайткандардан) уккандырсыңар ошол коркунучта окопто отуруп ушул катты жазып жатам. Кыскасы кыштын ызгаары менен согуштун ызгаарынан ушул күнгө жеткенге өтө кубанам жана мынчалыкка жеттим мүмкүн аман калармын деп үмүтда этем. Кыскача 8-9 айдын ичинде баштан өткөндөрү ушул. Эки Нар жөөлөшсө ортосунда кара чымын өлөт деген макал туура турбайбы. Ошол 8-9 айдын ичинде үйдон 30-мартта 3 кат 18-апрелде 2 телеграмма алдым. Андан башка кабарды жогоруда айткан баладан уктум. Айтмакчы 22-февралда кечинде (жаралануудан мурунку күнү) баягы Аманкулов Насырды көрдүм. 20 минутча сүйлөштүк (катын баласы запад Украинада калыптыр) өзү комиссар экен жараланып жаңы жакшы болгон экен. Андан башка эч жактан кабар уккан жокмун. Кийикбаев, Эсенходжаевдерден Алма-Ата 15-августта 41-жылы коштошком, ноябрдан тартып кабарлаша албаганбыз. 22-майда 42-жылы түшүмдө көрдүм. Уултайга ай сайын кат жазып жатам аман болсо алгандыр. Баштан өткөндөр айтылды. Албетте, азаптарды да тарттык, ач да болдук бирок арты эмне болоору белгисиз чолок-чулак болуп үйгө каткандар ырыстуулар. Биз да көп тура албайбыз (бир балаа башталат). Курман бул катты сен Фрунзедедир деп жаздым сага жазуу менен бирге аманчылыкта жүргөн замандаштарга привет айтат деп ишендим. Чындыгында мүмкүн кат акыркы коштошуу болуп калар (бул катты жазып жаткандыгым жана жөнөтсөм деп кубанам, себеби: байкабай отруп өлгөнүңдү билбей каласың!) Жараланып баргандарга салам айт (Абузар, Бараканов окшогондору болсо). Кош кош аман эсен дагы көрүшкөндөй болойун Кат жазуучу Куручбек 3-июль 1942-жыл. Эгер бул кат сага тийип калса аман эсендикте кимдер үйдө калгандыгын, кимдер кайра баргандыгын, турмушуңарды жазып койорсуң, кокустан аман болуп калсам алып калармын. Курман кагаз жок болгондуктан ушул кагазга жаздым барганча тытылып калабы ким билет. Биз турган жер Смолный обл. менен Орловск обл чеги Москвадан 250 км күндө күн жаайт, күнүнө 2 ирет тамак берет, нан 800 гр болсо керек. Эстесем дагы жазармын, азырынча токтотойун. Күрүчбек Кош Аман болгула! Адрес: Запад фронту Пол.почта №1760 115=бр 3й бат. от.8й рота. К.А.