Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 12. 3-кат

Кымбаттуу Курман!

Менин фронтко келгениме көп болуп калды. Ошондон бери сиздерден кат күтүп жатып чарчай таарыныч болгом. Бирок, бүгүн кат алып кубанып катымды катарга жер таба албай отурам. Сиздердин саламатыгыңы угуп менде сүйүнүч көп. Курман катыңыз үчүн чоң рахмат айтамын. Курман мен да сиз айткандай редакцияны. Сиздерди көп эсиме түшүрөм. Кыргыздан бул часта жалгыз мен. Мадеш деген казак жигит бар. Ошону менен көп сүйлөшүп өзүмдүн ойумду бөлүшөм. Турмуш жакшы. Согушуп жатабыз. Курман мен да мамлекеттик сыйлыкка тапшырылган элем. Бирок алиге кабар жок. Жеке мен эмес биздин часттан представить эткендердин баарыныкы жок. Эмне болгонун билбей жатабыз. Сайрадан кат келип турат. Курман мен кечээ эле “Оор үшкүрүктү”(ыр) жибердим(газетага). Жазгандарыма жооп келбей же сиздерден кат келбей мен абдан ыза болгом, капалангам. Ошого карабастан сиздерге ишенип, убактым бөлүп 5 материал жибергем. Катты үзбөй жазып туруңуз. Сиздин саламаттыкты тилеп Шаршенбай. 14.07.42 г. Курман, мен бир кыздуу болуптурмун.... Баланын атасы болгон экенмин. Бирок баланын өңүн эмес үнүн угалбадымго.... Абузарга кат жаздым. Ал досумду куттуктабасам болбой калыптыр. Бүкөшкө, Маанайга салам айтып коюңузду сурайм.