Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 12. 4-кат
Ж. Курман! Саламатпы?
Эмине үчүн кат жазбайсың? Мен неаугалый жатырмын. Кыргызстанда, Фрунзеде, редакцияда эмне жаңылыктар бар. Балдардан кабар келеби? Абузар кат жазабы? Тез кат күтөм. Мен баякыдай эле кызматта фронтто иштеп жатырмын. Бардыгы өз жайында. Баса, мен жиберген материалдын канчасы чыкты? Сиздерден жооп жок, материал жибербей жатам. Мукамбетке, Саалыга жана мен тааныгандарга (болсо) салам айтыңыз. Толук келерки катта жазам. Гвардячы кенже бала Шаршенбай 02.12.1942 г. фронт. Кулову. Ш.