Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 9. 2-кат
Курман!
Ардактуу Курман карындашым! Сак-саламат күжүрмөндүк менен өлкөнүн тынчтыгы биздин жеңиш үчүн иштеп жатасыңбы? Сени менен Үпөлдүн бир жазган катын алып андан кийин эч кат албадым да же силер кат жазбай калдыңарбы? Күрүчбек болсо өз үйүнө кайта барган аны билерсиң. Алты айга отпускеге келдим деген телеграммасын алдым. Кат ала элекмин. Уултайдан болсо телеграмма алып турам. Кат келбейт ал эмнеси экенин билбейм. Мен болсо ден соолугум жакшы ушул кат жазган шаарда эле иштеп жатам. Сен тааныган жолдоштордон бул жерде жок. Мен тааныган жолдоштордун кабарын билсең адресин жиберсең. Турдукеев, Дунганов, Төлөн, Жоомарт, Эсенкоджаев ж.б. Масыраалы баякы эле ишинде иштейби? Шүкүров да өз ордундабы? Күрүчбекке кат жазсаң адреси: ст. Маймак с Грозный Кировский р-н Карасуйский с/о к/х Ворошилов десең тиет. Курман унутпай кат жазып турсаң?! Үпөлгө, Масыраалыга ж. б. тааныгандарга салам айтып кой. Жалындуу сагынычтуу саламым менен Майгара. 09.12.42-ж.