Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 24.9-кат

Кир. ССР г. Фрунзе. Дом печати. Редакции “Кызыл Киргизстан” 2-ой этаж Кыдырбаевой Курбан.

Курбан! Кандай жакшы турасыңбы? Саламатта болушуң менен ишиңдин ийгилигин күтүп , кат жазуучу Кусеин. Курбан, сенин өткөндө жазган катыңды алып өтө кубанычта болдум, мен болсом азырынча ден соолукта жакшы турам. Силер жакта кандай жаңылыктар бар ал жөнүндө жазаарсың. Биздин бөлүк болсо эки айга жакындап калды эс алууда турат, б. А обучать этип жатабыз. Эл аралык маселени болсо газетадан окуп жаткандырсың, чынын айтканда бул чатак адамды жадатып бүттүго. Курбан бир топтон бери безгек менен сыркоолоп , азырынча жакшы болдум. Февраль айында (бул жөнүндө илгерки катымда жазган жок болсом керек). Бир чокуну алуу үчүн б. Айтканда душмандын дзотун блокировать этүү үчүн барып ийниме ок тийген санбатта 20 чакты күн жатып айыгыа кеттим. Анданг башка майда чайда жаралар кышында көп болгон. Ажал болбосо ар кандай балакеттен кала берет экенсиң.Донецтин боюнда оборонодо турганда эки бутумдун ортосун аяктай осколка келип түшүп, кийиз өтүктүн кончторун кыркып жерге кирип кеткен мындан да аз калдым. Ошол эле күнү душмандын снаряды менин блиндажыма келип түшүп жарылбай калды, мина келип жарымы блиндажда олтурган төрт боецимди жарадар кылды. Курбан бул бир күнү болгон эпизоддор. Мен минамотторумду ачык жайга коюп алып, түзнаводка менен душмандан өчүмдү алдым белем. Аманчылык болсо түрлүчө боевой эпизоддор баштан өттү го. Кееде бул өңдүү турмуштун тайгак кечүү, тар жолдорун басканыма кубанычта болом. Себеби кайда болсо да бир өлүм эмеспи, ажал жеткен жерде өлөт эмессиңби. Фронтко чейин турмуштун тузун тууралап таткан эмес экемин деп кетем. Институттан окуган менен жазуучу сөрөй болумуш болгонум менен дүйнөгө көз карашым турмушту баалашым ан чейин гана кеп экен. Чыныгы турмуштун институту көзүң менен көргөн колуң менен узаткан баштан өткөзгөн бул дүйнөдө болуп жаткан (ар бир доордогу, ар бир кылымдагы) окуялар экен. Мен көптөн бери жазымыш болгонду койдум. Кол бош учурлар боло калат жазса , жаза бере турган. Бирок, даярдыксыз анчейин гана бир деме болуп калуучудай ошонтседа мен болуп жаткан согуштун катышуучусу болсом да убактылуу шартка ылайыктуу бир нерсе болуп калуучудай. Курбан, байкап көрчү азыр дүйнө жүзү как себя представляет? Ал эми биздин жазуучулар кандай фантазияны баштарынан чыгарып жатышат экен. Алардын согуш жөнүндө жазып жаткандарынфронтто болуп жаткан чындыктарга салыштырып көрсөм канчалык проценти соответствует этер эле? Курбан Бекештен кат келип турабы? Заит менен Илийден 6-7 айдан бери кат албадым. Иймаекул эмнеге кат жазбайт? Бир жылдан бери бир кат жазууга жарабады. Үйгө бир жылга чейин алып туруу үчүн 500 сомдун атисбатын жибердим эле ал жөнүндө да кабар жок, андан башка да ай сайын жиберип турдум эле. Айлык акы бир жарым миңге жакын берет. Кееде кереги тийсе кееде кереги жок болуп калат. Сүттүн литри 35-сом. Башка продуктуда ушуга ылайыктуу. Энди мындан башка эмне жазайын айтса Зайранын күйөсү мен мурда иштеп турган бөлүктө эле кееде учурап турат. Биздин бөлүк гвардейский как активный член бюро жана башкаларга карап туруп ЦИКА комсомолдун суроосу менен биздин полктон наградит этүүгө мени жиберди 4-5 ай болду эле алигиче дайны жок. Эгер командующий наградит этсе тез болот эле. Бирок мага баары бир анчалык кызыкчылыгы жок. Чоң олжо алганчылык. Молдогазы акчак аксакал болду депсиң куттуктаймын. Ал эми илгерки чоңдор кайда кеткен өз жайын табышканбы? Курбан, Аалы агайга, Жоомартка, Доктуровго, Алыкулга, Саманчинга, Кубанычбекке, Эшмамбетовго менден салам айтып кой! Айтса, Түгөлбайдын “Кең суусу” тартылды бекен, Мукайдын “Узуак жолу кыскарар бекен? Жаны шартка карай кандайча тема табышып айагына чыгалбай жатышат экен? жана башка көргөн билгендерге салам дува айтарсың! Кат жазуучу Кусеин. Кат күтөм. 08.06.43.г.