Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 18. 6-кат

Кир. ССР г. Фрунзе Дом печати. Редакции журнала “Советтик Кыргызстан” Лично. т. Кыдырбаевой Курман. Абузар жигиттин гүлү элего! Андай жигит чанда чыгат ко! Мен Абузар сиз болуп редакциянын алдында пиво ичкен кез эстедир? Үчөөбүз кандай күлчү элек? Анын жаркылдап күлгөнүчү! Ал күнкайта келбейт ко?! Мен Абузар иштеген 423-бөлүктүн штабынын начальнигине кат жиберсем азыр эле кайта кат келди. Анда мындай делген: “Ж. Муратов! Сенин досуң Хусаинов 28.2.43 жылда Братск шаарынын алдында (Смоленск областы) курман болду. Байланыш взводунун командири лейтенант Ярков”. Ал лейтенантка кайра кат жибердим. Эгерде анын эрдигин көрсөтсө журналга кичине аңгеме кылып жазып жиберем. Кош Курман! Абузардын күйүтү катты узарта жазууга мүмкүндүк бербеди. Күлсүнгө менден салам айтыңыз. Кош! Жумакан. 10.06.43.г.