Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 8. 2-кат

Карындашым Курманжан!

Кандай саламат турасыңбы? Мен болсо өзүң көргөндөй саламат фронтто турамын. Эми сага агалык жолу менен тапшыраарым бул: Бул жактан бир нече ырлар жибердим эле ошолордун эмне дегендерин алдыңар, эмне дегендерин журналга жибердиңер? Катка салып жиберүүңдү сурайм. Мен үчүн 5 минут убактыңды аяба карындашым. Кош аман бол Жума. 25.06.43 г. Өзүм эмес чыгарма элге жетсе дейм.