Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 15. 16-кат
Кир. ССР г. Фрунзе Дом печати Союз Советских писателей Кыдырбаевой К.
03.08.43. г. Амандык кат!!! Курман эже, кандай аман эсен дени-кардың соо, аман эсен жакшы турасыңбы? Фатима тателерим кандай турат. Эмне үчүнкат жазышпайт. Курман эже сенин берген телеграммаңы 3.08 (менин туулган күнүм) алдым. Эже эң чоң рахмат. Менин адресимди билесиңер: г. Новосибирск 1 курс радиотелеграфист литер “В” код. Толук адресим, мен аман эсен дени-кардым соо жакшы турам. Үйдөн (атамдан) телеграмма алдым. Окуунун ортосуна келип калдык. Окуум жакшы. Эже турмуш Фрунзеде кандай базарда бир нес барбы? Газиза кайда? Фатима тателерим курортко барыштыбы? Биздикинен кат алып турасыңбы? Атамдын өзүнөн телеграмма алгандан кийин көңүлүм ачылып калды. Эже, менин турмушум азырынча жакшы. Бул курсту да аягына чейин бүтө турган эмеспиз. Эже, бат бат кат жазып турууңдү сурайм. Үйдөн кат ала элекмин. кат жазганда баары кабар жайды айтып жаз. Эже, такыр Илийден кат алалбадым. Башка жаза турган сөз жок. Бат-бат кат жазып тур. Кат жазуучу иниң Бекеш. Акча жиберсең батырак жибер. 3.08.43. г.