Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 5. 2-кат

Кирг. ССР. г. Фрунзе Дом печати Союз Советских писателей Киргизии Кыдырбаевой Курманжан.

Курмаш! Кандай дениң соо, ишиң жакшыбы? Мен бир-эки жолу кат жазсам аны алдыңбы жокпу билбейм. Мен болсом бир жерге көп токтобойм Ферганада төрт айча болуп, андагы иштерди бүтүрүп болуп, еми жаңы приказды күтүп жатабыз. Азыр Ташкенттебиз эми бул жерден түрдүү жакка түрдүү ишке кетип жатабыз. Кээ бирин аскердик кызматка ичкериден кээ бирин аракеттеги аскер катарына жиберип жатат. Алардын ичинде кыргыздан Еркимбаев (Фрунзе шаарда воин отделде иштеген), Кабак айылынан Кудаке Эсендин уулу кетип жатат, андан кийин бизге кесек келет деп турат. Ар-кайсы республикада эгин даярдоо компаниясына бир командирлер кетип жатат. Бизге 20-чамасында, анын ичинде Будайчиев, Чылпаков, Асан Хусынын баласы ж.б.у.с. Бир аз күндөрдө барып калышар. Бул жерде отолотсо, отолотсо экен деп жаткан бир топ жигиттер бар (Кыргызстандык) Тилегенов, Джумаш, Сыдыков, Боромбеков ж. у. өңдүүлөр. Эми башка деле сөз жок. Кош жакшы тургула, жакшы иштегиле. Молдгазы, Аалы, Заинеп, Мукамбай, Фатима, Газиза ж.б тааныган-билгендерге салам. Бир ич оору кулак ооруга кез келип эми экоо тең жакшы болуп калды, кулагым жакшы укпай турат оңолуп кетет дейт. Эми бул жерден 1-2 айдын ичинде кетүүбүз керек. Ана-мына деп турабыз. Кош жакшы тур. Иманкул .15.08.43-ж. г. Ташкент.