Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 15. 17-кат

Кир. ССР г. Фрунзе Дом печати Союз Советских писателей Кыдырбаевой К.

11.09.43. г. Амандык кат!!! Курман эже, кандай аман эсен дени кардың соо жакшы турасыңбы? Фатима тателерим жакшы турушабы? Жездем баякы эле ишиндеби? Мен болсом аман эсен дени-кардым соо аскердик милдетимди аткарып жүрөм. Эже Новосибирскидей оокат жай жок. Биз азыр немецтин жүргөн жерлериндебиз. Ошондуктан андай турмуш болууга тийиш эмес экендигин өзүңөр билерсиңер. Окуу дегендей окуу да жок, анчейин эле окугансып жүрөбүз. Фронтко жакындап барып токтодук. Качан урушка катышарыбыздыда билбейм. Ары бери жүрө берип тойуп бүттүм же ары же бери болсо экен деп турам. Турмуш, эже азыр жакшы. Кат жазып турууңарды сурайм. Эже Газиза кайда кат жазсын. Фатима тателериме жана Курман эжеме, Газизага мен өзүмдүн ысык саламымды жиберем. Эже празникти кандай өткөрдүңөр? Мен ал күнү нарядта өткөрдүм. Пржевальскитен кат алып турасыңбы? Атам үйдөбү, жумуштары кандай? Фатима татеме саал мындан мурда кат жаздым эле алдыңарбы? Фатима татем таарынбасын дагы убактым болгондо кат жазам. Эже, катты жаман жазгандыгыма кечир. Мында сыйа, стол орундуктар жок. Бат бат кат жазып турууңарды саламатчылыгыңарды тилеп кат жазуучу иниң Бекеш 11.09.43.г.