Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 11.

Кумаш! Сенин Капардан жиберген катыңды алып рахмат айтып калдык. Менин деним соо, иш болсо убактылууча бир кичине иштеп турамын. Негизинен кызмат күтүп турабыз, мен, Тилекенов Ж, Садыков, Арыкбаев, Боромбаев (канттан) ж.б. Азырынча кандай приказ болот күтүп жатабыз. Мен канча кат жазганым эсимде жок, сенден ушул эле бир кат алдым. Катты аларың менен Аалы, Молдогазы, Мукамбет, Фатима, Зейнеп, Кырбашев ж.б. тааныштарга менден салам айтып кой. Кумашсаган эки Жумашта салам айтты. Кумаш балдардын адресин жазып жибергениң жакшы болуптур, мен аларга кат жазып жибердим. Ден соолук болсо кеп ыраакта эмес душманды бүт жеңип чоң сүюнүч менен жолугушаарбыз. Кош жакшы тургула кат жазсаң адрес: Исевдикине жаз 12.09.43 г.