Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 2. 2-кат

Кир. ССР г. Фрунзе Дом печати Союз Советских писателей Кыдырбаевой Курман

Курман жолдошко. Курман, редакцияда барсызбы? Мен ушул кат менен 3-4 кат жаздым. Сиз жана жолдош Абдукарымов, Догдуровдор редакцияда жок сыяктуудай болуп калды. Анткени редакция эмес Иссык-Көлдөн кат алдым. Сиздерден эки ооз сөз алууга 4-5 айдын ичинде жетишүүгө болот эле го. Мен “Фронтто” деген ыр жибердим эле тийдиби? Курман, сиз ойлобоңуз Алымкулов акын болгону жүргөн экен деп, мен ырды эриккендиктен жазып жүрөмүн. Атып бүткөндөн кийин олтурамын, уктаймын, ойлономун, эске түшөт ырдаймын. Анан ыр жазамын. Ушундай учурда сиздерден эки ооз сөз алса, эң чоң демөөрчү болот экен. Сиздер менин ырымды кандай болсо да ырымды жаратып басып тургула. Жакында да бир ырым келет. Курман жолдошторго салам айткын. Сурагандар болсо адресимди берип кой. Бул катты Ташкентке жүрүп жаткан бир жолдош аркылуу шашылыш жазып жибердим. Сиздерге тийиш керек. Жазуучу Алымкулов. А. Адрес: Полевая почта 97751-“б” 03.10.43г.