Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 15. 2-кат

Кир. ССР г. Фрунзе Дом печати Союз Советских писателей Кыдырбаевой Курман

Кумаш! Мен 1-октябрда Ташкенттен чыгып фронтко кетип жалаң мен өңдүүлөр. Барып катыша турган жерибиз граждандыкта мен окууну бүтүргөн шаардын батыш тарабы болот. Кумаш! Балдарга Илийге кезикпей кеттим ештеме эмес аманчылык болсо фашистерди жок кылгандан кийин чоң кубаныч менен кезигеербиз, амандашарбыз. Кумаш! Аалыга, Мухамбетке, Молдогазыга алардын бала-чакаларына Жакишке анын балдарына башка тааныштарга менден ысык салам айт. Кумаш! Эки жактан кабар кат кабар жаза турган сенсиң аны эсиңе ал. Илий капа болуп жүрбөсүн тынч ишин иштей берсин. Кумаш! Бала-чака, ага-тууган, эже-сиңди тааныштар гана еске түшпөсө биз ең көңүлдүүбүз. Бирок 9-жигиттер барбыз ичкенибиз тентек суулар болуп казакча-кыргызча авандардан соктуруп кетип бара жатабыз кайгы-капа жок. Ата мекендик милдетти аткарганы баратабыз. Жумаш Садыков болсо Андманга кызматка кеткен. Кумаш, Тилеинов болсо биз кеткен жерде калды. Мен кетип баратам. Кумаш! чынында мен согушка биричи күндөн тартып катышып жатам себеби менин даярдаган балдарым биринчи күндөн тартып катышып жатат. Если өзүм барып команда берип көрөйүн. Кумаш! Эми мына мындай жалпы тилекти тилеп тура берели. Кош Кумаш. Мен кат жазгандан кийин кат жазарсың. Ошондо бүтүн балдардын номурларын жибер, алардын номерин жоготуп жибердим. Бул катты шашып жаздым себеп эч токтоосуз шашкалактап баратабыз. Кош Кумки- агаң 2.10.43.г. Газалинский