Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 22. 2-кат
Кир. ССР г. Фрунзе. Союз писателей Кыдырбаевой. К.
Кумаш! Саламат жатасыңбы? Мен аман эсен жүрөм. Сага журналыңа басып кой деп ыр жиберип, кат жазып эле жатамын. Бирок бир да кат албаймын. Биз алыс келдик. Уруш катуу. “Красная звезда”газетасынын 16 октябрдагы санын таап, баш макаласын окусаң билесиң. Жер күйүп жатат. Курмаш! Фатимага, Күлсүнгө, кыз-келиндердин барына менден салам айтып кой. Менин ырларым басылган журналдардан жиберип тур. Кат жаз. Сага узун өмүр, таттуу таалай тилеп кат жазган: Темиркул 21.10.43.