Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 22. 3-кат

Кир. ССР г. Фрунзе. Союз писателей Кыдырбаевой. К.

Курмаш! Саламат жатасыңбы? 20 сентябрда жазган открыткаңды кече күнү кеч алдым. Рахмат эстеп кат жазганыңа. Аман эсен жүрүп жатам. Уруш болуп жатат. Бүгүн үч күндөн бери биздин участкада жеңиш! Билдирүүнү кара. Жакындан бери Аалыкемен, Молдогазыдан, Жоомарттан кат алып элди көргөндөй болуп калдым. ККнын бир нече номерин алдым. Түгөлбайдан, Арстанбектен кат алдым! Курмаш! Менин кандай эмне деген ырларым барды. Журналдын номерлерин жиберип турсаңар болбойбу. Менин жанымда өзбектердин бир дүкөнчүсү бар. Өзбекстанда чыккан бүткүл гезит, журналдарды, китептерди алып турат. Жоомарт менен Аалыкем жиберип турабыз дешип убада берип калышты эле жок! Кыргызстандагы жаңылыктарды билдирипкат жазып тур Кукеш. Журналдын номерлерин жиберчү маселени сүйлөшкүлө. Менин Жамалтайымды өөп кой. Курмаш! Сага ден соолук, узун өмүр, бакыт-таалай тилеген жакшы оюм менен, гвардиялык саламым менен агаң Темиркул. 25.10.43.