Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 15. 18-кат
Кир. ССР г. Фрунзе. Союз писателей Кыдырбаевой. К.
31.10.43. г. Амандык кат!!! Курман эже, кандай аман эсен дени соо курсагың ток жакшы турасыңбы? Фатима тателерим жакшы турушабы? Фрунзеде турмуш жакшыбы? Баарыңарга мен өзүмүн ысык саламымды жиберем. Мен аман эсен дени-кардым соо, аскердик милдетимди аткарып жүрөм. Мурункудай эле окуп жүрөм. Эже немецтин кылыгынын баарын көрдүк. Алардын кылыгын көргөндөн кийин, кантип кишинин колу токтосун. Эже мына келер бул күн качан мен жана менин жолдошторум менен кутурган немецтерди западка кууп, бир нерсебиздида айабай согушабыз. Азыр алардын изи менен акырындап шашпай западка кетип бара жатабыз. Эже кат жазып тургула. Турмуш мурункудай эле, бирок полевой условияда.новосибирсктен кат жаздым эле алдыңбы? Башка жаза турган сөз жок. Кош кош аман эсен тургула. Кат жазуучу иниң Бекеш. 31.10.43. г.