Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 22. 4-кат.

Кир. ССР г. Фрунзе. Союз писателей Кыдырбаевой. К.

Кукеш! Жакшысыңбы? Ушул ырды журналга басып чыгар. Жусупту эскерүү болсун. Кабар жок чыгар. Ар күнү менин түшүмө кирет. Бул жерде кыш али түшкөн жок. Бар болгону шамал туман, карандай суук. Кар жок. Уруш болсо мага сен тийбесең, сага мен тийбейм деген окшош анда-санда бир атыш болуп коюп кайра жымжырт болот. Эки тарап тең окопто. Бирок бул көпкө созулбайт. Жакында кайрадан бүркүттөй шуңгуп киребиз. Биз абдан алыс-бир миң үч жүз километр жол жүрдүк та. Фатимага, Зукешке, Тиленге салам де. Кат жаз Кукеш! Агаң Темиркул 18.11.43.