Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 3. 1-кат
Кирг.ССР г. Фрунзе Дом печать Союз Советских писателей Киргизии Кыдырбаева Курман
Курман! Сенин жазган катыңды жиберген журналдарды алдым. Абдан сонун. Бардыгын окуп чыктым. Темиркулдун “Угасың” деген ыры адамдын эстетикасын чыйратат, эмоциалык сезимди сайгылайт. Карасаев, Богданова жана Бериштамдын статьялары көңүлүмө жакты Акаевдин “Атылган ок” дегенин уйдун тезеги менен аралаш отко жагып койсо деле болгудай. Бул кандуу согушта ок бир тыйындай болуп калганын түшүнбөйт. Азыр согуштун кудайы артиллерия, авиация. Танк деген неме ширенкедей жанат. Заиттен да, Газизадан да сенин катың менен аралаш кат алдым. Кусейинден кат алып турам. Азыр 1,5 айдан бери бир орунда турабыз. Кардым ток киймим бүтүн, деним сак. Силерден бат кат келет көңүлүм да көтөрүңкү. Өзүм жаңы нерсе жазууга убакыт жана шарт жок. Журнал жөнүндө көп нерселер айтаар элем бирок чама жок ал гана турмак ушул катты мештеги оттун жарыгында жаздым, жашаганыбыз блиндаж. Курман бат-бат үзбөй кат жаз! Фатимага жана балдарына менден салам. Кош көрүшкөнчө! Абдулхай. 25.11.43 ж Полевая почта 49954 “Л” Алдашев. А.