Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 18.3-кат
Кир. ССР г. Фрунзе Дом печати. Редакции журнала “Советтик Кыргызстан” Кыдырбаевой К.
Ардактуу Курман! 18.12.43. Ай-талаада турган Арыстан сизге салам айтат. Дени кардыңыз сообу? Мен болсом алыста жалгызсырап сизди убара кылып кат жаза берчү болдум. Биздин кесип эле ошол. Жумушчумун мусапыр болуп калдык. Айлык алуу деген жок тамаша күлкү жок тоону жаңырта күлүү калган. Арыктап бүткөнбүз. Кыргызстандын катталары бошотуп алууга жарабады. Эптеп оокат өтүүдө. Күткөнүм эле жеңиш согуштун бүтүшү. Кызык көп. Аны барганда айтармын. Куке айып этпесеңиз журналдан жибериңиз. Оууга эчтеме жок. Менин эрмегим азыгым эле адабият окуу. Андан башка тамаша жок. Куке эмне жаңылык бар? Менден Жоомартка, Кубанычбекке, Аалыкеме салам айтыңыз. Аалыкеме кат жаздым эле жооп жок. Бир эскертип коюңуз Жумакан өтүнгөн экен деп. Баса Гүлсүнгө салам айт. Жусуптан кабар барбы? Ошону жазып жибериңиз. Тилек эле аман болуңуз. Кол бошобойт бошосо аңгеме, очерк жиберем. Куке! улам улам кат жазып мазаны алды дей көрбөңүз. Алыстан киши алжый берет. Журнал күтөм, кат күтөм. Куке! Мен жалгызмын көңүлсүздүк өкүм сүрөт. Катты кызык кылып узак жазыңыз. Кош Куке! Кат журнал күтөм. Бизде акындардын айтышы болдубу, болсо ошол журналды жибериңиз.. Кош Жумакан 18.12.43.