Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 2. 3-кат
Кирг.ССР г. Фрунзе Дом печать Союз Советских писателей Киргизии Кыдырбаевой
Курман Кадырлуу жолдош Курман, сиздин почта аркылуу жиберген журналыңызды алдым. Журналдын чыкканына бир жыл болгонуна карабастан, бир нече кайра окуп чыктым. Тимеле койчу, өзүңөр менен көрүшкөндөй болдум. Бул кызматыңызды кантип актоону өзүмда билбейм азырынча жүрөк ырахматтарымды гана айтамын. Курман “К.К”дан кат алдым. Анда бир без лошадная Галя деген бар экен. Жөнү жокко капа болосуз деп муздак кат жазыптыр. Алиге чейин капамын. Мына бүгүн “Досторго” деген аңгеме жазып бүттүм. Жакында сиздерге келет. Жомарт агайга привет айтыңыз. Фронттук саламым менен- Аман. 25.12.43г. Полевая почта 97751-“б” от Амана