Ф.1278. Оп.1. Д.3. Л.45.

Салам кат. Ардактуу замандаш ага Аалыга! Фронттогу иниңиз Жумадан сагынычтуу кат. Кандай жакшы турасыңбы. Мен мында аман эсен турам. Азыр фронтундамын. Ал жакшы. Эми менин сизден өтүнөөрүм: 1. Менин жиберген материалдарымды чыгарып турууңузду сурайм. 2. Союз аркылуу менин да тез арада сиздер менен учурашуума жардам кылышыңызды сурайм. Маликов, Бөкөмбаев, Мукай, Мамбет ж.б. жолдошторго салам айтып коюңуз. Өздөрүнө кат жазууга кагаздан жардамдашып. Кош аман болуңуз. Жардам күтүп ЖУМА. Адресим П.П.С 618 в/ч 786 Джамгурчиеву.