Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 5. 1-кат
Кирг. ССР. г. Фрунзе Дом печати Союз Советских писателей Киргизии Кыдырбаевой Курманжан.
Курман! Кандай дениң соо, турмушуң жакшы, ишиң көңүлдөгүдөй өтүп жатабы? Кумаш мен сага бир канча кат жаздым аларды алдыңбы жокпу билбейм? Мен болсо урушка жакындай келдим. Урушту аз аздап (күндөп)көрүп турабыз көктөн. Азыр урушка катыша элекпиз. Ар качан даярбыз күтүп турабыз. Турмуш иш болсо жакшы. Бардык шарт жакшы. Бирок сиздер, жолдоштор балдар гана жок. Аманчылык болсо сүйүнүч менен кезигебиз деп ишенем. Кумаш! Аалы, Молдогазы, Кырбашевдер бала-чакалары менен аман эсен турушабы? Аларга менден салам айтарсың. Кумаш Заиттен кат алып турасыңбы? Бекиштен кат алып турасыңбы кайда экен? Турмушу кандай экен? Атасын сагынбайт бекен? Кумаш мен ойлоном Токайымдын мугалим болгонуна 25-жыл болуптур уруш болбогондо мүмкүн болушунча 25-жылдыгын тойлой өткөрөр элек деп ойлоп койом. Токайым Кыргызстандагы мугалимдердин эң улуусу болуп эсептелет 25-жылдын ичинде кыргыздын орустун, өзүбектин ж.б. балдар жана кыздарына китебин берди айрыкча энетил, эсеп, сулуу жазуудан Яушев, Молдогазылар билбесе керек. Эгер билсе жок дегенде бир аз урматтап коюшса жакшы болор эле. Мындан ары дагы 25-жыл болот окутушуна чоң кубат болор эле. Бул тууралуу Батыш менен Микеңе айтаарсың. Менин кат аркылуу эсиме алганымды да айтаарсың “Казанчынын эрки бар, канча кулак чыгарса” дейт. Кош катымды кыскартам, бардык жолдошторго салам айт. Агаң Ыйманкул. Адресим: П/П 26771 “Л” Баимбеков 08.01.44.г.