Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 18. 4-кат

Кир. ССР г. Фрунзе Дом печати. Редакции журнала “Советтик Кыргызстан” Кыдырбаевой К. Ардактуу

Курман! Салам айтат, Сиздин аман болушуңузду тилеп эле жатам. Турмушум жок, көңүлсүздүк, сүйлөшөөргө, кеңешерге киши жок. Ала тоолук кыргыздан мен эле. Сизге эки жолу кат жазып бир да жооп ала албай чоң ызы болуп жүрөм. Эмне үчүн кат жазбайсыз? Же убактыңыз жокпу? Же сизге эч бир кат тие элекпи? Айтоор мен чоң капа болуп жатам. Мен сизди Абузардай жакшы көрүп бел кармап жүрөм. Мен сиз дегенде Абузар үчөөбүздүн будкада туруп көчөнү көккө көтөрө күлүп тамаша кылып пиво ичкен кез эске түшөт. Же бул төгүнбү? Ал алтын убакыт өттү-кетти. Эми мен ошол убакты эстейм. Мен Кыргызстандын силердей интеллигенттерин сагындым. Айрыкча анын адабиятын окугум келет. Бирок колдо эч бир адабият жок. Ошон үчүн мен сизден 2-3 журнал жиберүүнү өтүндүм эле. Колуңуз келбесе, кыйындык келсе тим эле коюңуз. Бирок андай журналды биздей эле жигит окуу керек ко! Же меники чекиби? Күн эптеп өтүүдө. Эч бир кызык, жаңылык турмушумда жок. Ырас фронтто жеңиш көп. Согуш токтосо экен деп тилеп жатпм. Бир кезде барып калаарбыз. Куке эмне жаңылык бар? Жазуучулардан ким бар? Адабиятта эмне жаңылык болду? Турусбек, Темиркул, Шиваза, ж.б. кабар келип турабы? Аалы агатай мурдакы эле ишиндеби? Кош Куке!! Кат жана журнал күтөм. Кош! Жумакан . 13.01.44. г.