Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 10.
Ардактуу Курман! Сиздин 31.12.43-жылдагы открыткаңызды мен 30.01.44де алдым кечигип болсо да иши кылып кат жазганыңызга рахмат, алып окуганча бир канча кубанып калдым. Ар бир кат, ал каттын ичиндеги ар бир сөз мени абдан кубантат. Азда болсо жаңылык угулат, ошого ыраазы болуп калабыз мындай убакта көп нерселер ойго түшөт экен. Ошолордун бириэл жер, өмүрдүн кызык убактысын өткөргөн шаар Фрунзе көп ойго түшөт. Кээ бир өтө кубанычтуу күндөр, жакын жолдоштор эске түшөт. Билбейм биз ойлойбуз, бирок биз тууралуу ойлогон киши барбы жокпу ким бисин. Азыр ахвалда көп анчалык өзгөрүштөр жок, эмнегедир көптө бери согушка кирбей тынч эле отурабыз. Крымдын капкагын жабарын жаап койдук, бирок качан талкалоого киребиз билбейм. Көп кыйналып иштен иш жок, демек биздин турмушта жаңылык жок, азыр окумуш болуп жатабыз, жакында айылдан Шарифадан, Гүлсүндөн, Жумабайдан, ж. б. Кат алдым. Бул жер болсо азыр баткак, кар жок күн жылуу. Быйыл кыш дегендей деле кыш болгон жок. Бир да жакшылыктуу кар жааган жок, дайым эле бир аз жаап эле кайта эрип кетет. Менин ахбалым болсо ушул. Да, жаңы жыл менен куттуктаганыңызга рахмат. Кош саламат болуңуз. Гүлсүнгө привет айтыңыз, колуңузду бек кысып Нурдин. 30.01.44 г.