Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 22. 7-кат

Кир. ССР г. Фрунзе. Дом печати. Союз писателей Кыдырбаевой. К 29.01.44.

Кукеш! Сенин 10 декабрда жазган катыңды бүгүн 29 январда алдым рахмат! Мен аман-эсен жүрүп жатам, сага ушундай отко түшсө күйбөгөн сууга түшсө акпаган бекем ден соолук, узун өмүр, бактылуу күн көрүү тилеймин! Молдогазынын , Жоомарттардын жортуулга чыгып кайтышканын угуп жатамын-Жоомарт мага 70-80 килиметр жакындап келип кайра кайтып кетти. Мына бул сахнада ойнолуп жаткан трагедиянын аягы качан бүтөрү кайрадан белгисиз болуп бара жатат.... Кат жазыт тур, садагаң болойун Кукеш. Саламым менен агаң Темиркул. 29.01.44.