Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 2. 4-кат
Кирг.ССР г. Фрунзе Дом печать Союз Советских писателей Киргизии Кыдырбаева Курман Курман,
Сиздин жиберген журналыңыз тийди. Чоң рахмат. Мен ден соолукта аманмын. Азыр согуш менен Эстония территориясына кирдик. Новгород жана Луга шаарларындагы согуштарга катыштым. Келечегиме көрөгөчтүк кыла албаймын кыскача ушул. Кийинки учурларда эки ооз сөз жазбайсыз мейли ушуга да рахмат айттым. Адрес эскиче Алымкулов.А. 04.03.44 г. Полевая почта 97751-“б” Алымкулов. А.