Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 3. 4-кат

Курман! Сенин жазган катыңды, жиберген журналыңды алдым, эң чоң рахмат Курман! Бат бат кат жазып турсаң, журналдын сандарынан дагы жиберүүгө тырыш. Мен 3 айдан бери бир орунда эле турам. Турмуш жакшы, ден сак, карын ток кийим бүтүн согушта андан башканын деле керекги жок. Эми силерде эмне жаңылыктар бар? Жогорку Советтин сессиясы качан башталат. Четки иштер жана Коргоо комиссариаттарына кимдер шайланды. Жарактуу кызматкерлер табылгандайбы? Жогорку Советтин жаңы указдарына жараша улуттук армиялар түзүлүп жатабы, эгер андай болсо, Фрунзе фронттон мен тааныгандардан кимдер келди? Дипломатиялык корпус курулдубу? Ой, дүйнө ай! Ошол дипломатиялык тегеректин ичинде болуш менин суусаган санаам эле! Бирок мени тааныган чоңдор жок! Менин иштерим болсо жаман эмес. Кызматымды баалап полктун командири мени сыйлоого көрсөттү эле эмне болоору жана эмне сыйлык экенин билбейм. Мен иштеген бөлүктө баркым жетишеерлик деңгеелде. Каалаган ишиме эч ким каршы чыкпайт. Азыркы кызматыма абдан ыраазымын. Мага баш ийген жигиттер да сөзүмдү эки кылбастан өлүмдөн жандарын аябай, баштарын азапка байлай иштешет. Менин кожоюнум болсо келген сайын кучактап жанына отургузуп бөдөнөнүн сүтү менен коноктойт. Бул кадырга эмгегимдин натижасы менен жеттим элди да малды да дарылай айыктырдым, кыскасы солдаттан тартып полковнике чейин сылашат, кадырлашат. Кош саламат бол көрүшкөнчө! Абдулхай 15.03.44 ж.