Ф.1278. Оп.1. Д.5. л. 3. 5-кат

Курман! Кандай кызматыңды жакшы аткарып, дениң соо жүрөсүңбү? Биричи май майрамы менен сени фронттон куттуктайм. Эмне үчүн кат жазууну койдуң? Же таарынып калган жериң барбы? Мен кат күтүп жатып чарчадым. Акырында чыдабай сага кат жазууга кириштим. Кусейин сага кат жазып жатабы? Мага кат жибергенине далай болду. Фрунзеде мен билген жолдоштордон кимдер бар? Байтемиров Насриддин кайда? Адресин жибер! Сессия болуп анда кимдер чоң болуп дайындалышты? Эл ичинде кандай жаңылыктар бар? Жоомарт, Касымаалы Жантөшевдер кайда? Илий көчүп келди деген кабар уктум эле, ал эмне үчүн кат жазбайт. Иманкул кат жазып турабы? Менин турмушум болсо мурдакыдай эле жакшы элемин. Кыш боюу бир орунда турдук эле азыр жолдомун. Кайсы жерге барып токтоорубуз белгисиз. Кызматым кыштагыга караганда абдан жеңил. Сыдыкбеков Түгөлбайга “Биздин замандын кишилери” жазгандыгы үчүн менден рахмат жана чоң талай айтып кой. Азамат! Кыргыз адабиятынын тарыхында Н.В.Гоголь сыяктуу прозанын революционери болуп кала берет Түгөлбай! Чыдамсыздык менен акырын күтөм! Эгер Түгөлбай Фрунзеде болсо ага салам айтуу менен менин адресимди берип кой. Ал капиталдуу эмгегин жемиштүү бүтүрүүгө колумдан келген жардамымды аябайм. Керектүү эпизотторду жазып жиберем. Кош саламатта бол! Жолдош жоролорго салам айтып кой! Саламым менен Абдулхай 1-май 1944-жыл